Токтоп турган 2 унааны сүзгөн. Кадамжайда жол кырсыгынан эки адам жабыркады
Кадамжай районунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, айдоочу рулда уктап кетип, токтоп турган 2 унааны сүзүп токтогон.
"Хундай Старекс үлгүсүндөгү унаанын айдоочу Кызыл-Кыядан Кадамжайды көздөй кетип бара жатып, рулда уктап кетип Марказдын айлампасынан токтоп турган 2 унааны (Хундай Портер, Хонда Акорд) сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен эки адам ооруканага түштү.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Кадамжайда унаа жол кырсыгына кабылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:37
2025-08-09
17:17
2025-08-08

17:14
2025-08-08
17:30
2025-08-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.