"Ар бир метрин жапкыла". Александр Лукашенко чек араны коргоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды

Маалыматка ылайык, Лукашенко чек арадагы абал боюнча жыйында сөз сүйлөп, чек ара кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берген.
"Бүгүнкү күндөн тартып Беларустун аймагына чектеш тараптан, түштүктөнбү же батыш тараптан болобу, бир да кадам басууга тийиш эмес. Чек аранын ар бир метр жерин жабыңыз. Чек ара аскерлерине, биздин жалпы күч структураларыбызга эбегейсиз каражаттарды салганыбыз бекеринен эмес. Биздин эл өзүн коопсуз сезиши кажет, аларды коргоого даяр эркектер бар экенин билиши керек", - деп билдирген Лукашенко.
Ошондой эле ал Литва менен Польшаны чек арадагы чагымчылдык үчүн айыптап, Батыш өлкөлөрү Беларуста "түстүү ыңкылап деп аталган жети же сегиз этапты" ишке ашыра албагандан кийин шантаж жана кысым тактикасына кайтып келишкенин кошумчалады.
.
Жайында Литва Беларустун аймагы аркылуу Евробиримдикке качкан качкындардын саны кескин көбөйгөнүн кабарлаган. Мигранттардын көбү Минскке Түркиядан жана Ирактан келишкен.
Литва бийлиги чукул кырдаал жарыялап, Беларусь менен чек арада тикенек зым менен дубал тургуза баштады.
Европа Биримдиги мигранттардын агымын уюштуруу жана мыйзамсыз иммигранттарды ташуу менен алектенген түзүмдөр Беларусь бийлигинин камкордугуна ээ деп ырастайт.
"Минск Александр Лукашенконун режимине каршы киргизилген санкциялардан улам качкындарды Евробиримдикке саясий кысым көрсөтүү каражаты катары колдонууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.