"Токио-2020": Бүгүн эки кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат



Бүгүн, 6-август күнү Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында эки кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат.
Эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда 2019-жылы Азия чемпиону болгон индиялык Бажранг Пуния аттуу балбан менен кез келет. Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча болжолдуу саат 08:30да болот.
Ушул эле күрөштүн түрүндө 125 килограмм салмакта катышып жаткан Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттешке катышат. Анда ал күчтүү делген түркиялык Таха Акгүл аттуу балбан менен кез келет.
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча болжолдуу саат 08:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.