super.kg logo
  Спорт  

"Укмуштуудай кызыктуу". Хабиб Нурмагомедов көк бөрү мелдешине күбө болду

 

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов 3-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын 38-турниринин алкагында уюштурулган көк бөрү боюнча мелдешке күбө болду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Иш-чарага Көк бөрү федерациясынын президенти, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Талас Бегалиев жана федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков катышып, көк бөрү оюнунун тарыхы, маани-маңызы тууралуу кенен маалымат берди.

Мелдешке "Достук" жана "Ынтымак" командалары катышып, 3:2 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жетти. Уюштуруучулар жана демөөрчүлөр тарабынан 1-орунду алган "Ынтымак" командасына 450 миң сом жана "Достук" командасына 350 миң сом байгени Хабиб Нурмагомедов тапшырды. Өз кезегинде Хабиб Нурмагомедов көк бөрү оюну укмуштуудай кызыктуу экендигин, интернет булактарынан оюндун видеосун көрүп, Кыргыз жергесине келип көк бөрү оюнун көрүүнү каалап жүргөндүгүн белгиледи", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(2)
06.08.2021. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Самара, Анжелика бутуп Хабиб башталдыбы? Каяктагы бир дагтын не ойлогону бизге пофиг эмеспи.......
06.08.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргызстандын жарандыгын алам дебесе болду кабиб
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: