Пенсияны жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Социалдык фонддун иши, анын ичинде пенсиялык камсыздоонун учурдагы абалы каралган.
"Социалдык фонддун төрагасы ушул жылдын соңуна чейин пенсияларды жогорулатуу механизмдери жана пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоонун негизги артыкчылыктары, анын катарында пенсияны дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маалымат берди.
Пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоо жарандарга карата акыйкаттуулукту сунуштап, мурда төлөнгөн суммага шайкеш пенсия менен камсыздоосу тийиш", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Эми пенсияга 5-10% кошуп элди алдайт да, олкодо инфляция 50-70% болуп жатканда...