super.kg logo

Калифорниядагы өрт 150 жылдык тарыхы бар шаарды жок кылды

 


АКШнын Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрт кырсыгы 150 жылдык тарыхы бар Гринвил шаарын кыйратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

"Дикси" аталышындагы тилсиз жоо Гринвил шаарына бейшемби күнү кечинде жеткен. Шаар эки сааттын ичинде жок болду. Биз шаардагы жарылуулардан чыккан үндөрдү угуп турууга гана мажбур болдук", - деп билдирген жергиликтүү тургундардын бири.

Маалыматка ылайык, катуу шамалдын таасири менен Гринвил шаарын каптаган өрттүн кесепетинен шаардагы жүздөгөн үйлөр, ресторан, ишканалар, бензин куюучу жай, мейманкана жана музей толугу менен күйүп кеткен.

Белгилей кетсек, АКШнын Калифорния штатындагы өрт 13-июлда башталган. Андан бери 3 апта өтсө да тилсиз жоо бир катар аймактарда дагы эле жайылууда. Бүгүнкү күнгө чейин 112 миң 500 ашык гектар аянтты камтып, анын 35 пайызын өчүрүүгө жетишишкен. Ал эми өрт катталган аймактардан жалпы 16 миңден ашуун тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: