super.kg logo

"Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды

 

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, анын бөгөт чарасы 5-августта Биринчи Май райондук сотунда каралып, 3-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Эске салсак, 4-август күнү Канатбек Аширбаев коррупция фактысына шектелип УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгында казып алынган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөн.

5-августта “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, “ишти туура, объективдүү иликтөө жүргүзүүнү камсыздап берүүнү” өтүнгөн. Кайрылууда “тергөө анын күнөөсүз экенин көрсөткөн фактыларды эске алуудан баш тартып, ишти резонанс үчүн жүргүзүп жатканы” жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: