super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020". Эртең "Ала-Тоо" аянтында Олимпиадага катышкан спортчуларды салтанаттуу тосуп алуу аземи өтөт

 

Эртең, 7-августта "Ала-Тоо" аянтында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргогон улуттук курама командабыздын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу кече саат 13:00дө башталып, ага Олимпиадалык курамдын бардык мүчөлөрү, спортчулар жана машыктыруучулар катышат. Ошондой эле майрамдык иш-чараны кыргыз эстрада ырчылары коштойт.

Белгилей кетсек, Олимпиадага кеткен улуттук курама команда эртең, 7-августта Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишет.

Эске салсак, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбанбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.

Ал эми Олимпиадада калган жалгыз спортчубуз жеңил атлетчи Дарья Маслова 8-августта мелдешке чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
06.08.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жеңил атлетчибиз да келсе биротоло майрамдык кече уюштурбайт белеңер
06.08.2021. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сары кызды озунчо тосуп алыш керек, себеби алтын менен келет буюрса.
06.08.2021. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооба 9 Августта кылсанар болмок, орус кыз болсо дагы, Кыргызстандын желегин желбиретип журот. Уят чондорго.же 2 кунго чыдабай кеттинерби алкымынар кургап. Албетте эн жакшы маанайда тосуп алышыбыз керек баардык спортчуларыбызды
06.08.2021. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сары,кыз деле эртең келе берсе болот тигилер менен чогу эле.
06.08.2021. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pankration_MMA,
06.08.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pankration_MMA,жакшы бир позитивдуу коментарий жазган кунун болобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: