Лейлекте эл Ош-Исфана жолун тороп, алтын кен иштетилүүсүнө каршы болушууда




Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургундары Ош-Исфана жолун жаап коюшту. Алар жергиликтүү алтын кени иштетилбесин деген талапты коюшууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.
"Бизде "Апрельский" деген кен он жылдан бери иштетилип жатат. Кечээ инвесторлор келип, тракторлорун алып келгенде биздин Өзгөрүш, Катран, Баул айылдарынын жашоочулары тракторлорун кайра артка кайтарган. Алар техникаларын дагы алып келебиз дегенде ызы-чуу чыгып, жергиликтүү тургундардан 30дай кишини азыр камап алышкан. Арасында аялдар бар. Азыр эл Коргон деген жерде Ош-Исфана жолун жаап, кен казуу токтосун, камалган адамдарды чыгарып берсин деген талап коюшту", - деп билдирди тургун.
Жергиликтүү тургундар Ош-Исфана жолун жаап койушту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.