super.kg logo
  Спорт  

Назирдин Акылбеков: “Бокс боюнча Кыргызстан курама командасы Дүйнө чемпиондугунда жакшы көрсөткүч көрсөтө алды”

 

30-октябрь күнү Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат борборунда Алматы шаарында жыйынтыкталган бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун катышуучулары маалымат жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат жыйынга Олимпиадалык даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков, Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов, боксчулар Азат Үсөналиев, Эрмек Сакенов жана Өмүрбек Малабековдор катышты. Анда Назирдин Акылбеков: “Кыргызстан курама командасы Дүйнө чемпиондугуна катышкан 100дөн ашык өлкөнүн ичинен 22-орунду ээлеп, жакшы жыйынтык көрсөттү”,- дейт. Ал эми Адылхан Бекболотов: “Бул Дүйнө чемпиондугуна биз 4 жылдан бери даярданып келдик. Биз алдыбызга бир гана медаль жеңүү деген максат койгон элек”,- деди. Ошондой эле Адылхан Бекболотов Дүйнө чемпиондугунда калыстар жакшы иш алып барбаганын жана учурда курама команда 2014-жылы Кореяда өтүүчү Азия оюндарына даярдыктарды баштаганын кошумчалады. Эске салсак, Алматы шаарында өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 9 боксчу катышып, медаль жеңе алган жок. Мелдештин 1/8 финалында болсо Азат Үсөналиев менен Өмүрбек Малабеков казак мушкерлери менен кез келип, калыстардын талаш туудурган чечими менен жеңилген болчу. Кыргызстан курама командасынан чейрек финалда чемпион аталган казак мушкери Мерей Акшаловго жеңилген Эрмек Сакеновдун көрсөткүчү мыкты болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: