super.kg logo

Орусиялык блогер Амиран Сардаров Ислам Каримовдун небересинин ачык сүрөттөрүн жарыялагандыгы үчүн өзбек элинен кечирим сурады

 

Коңшу Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси Марьям Тилляева жана анын жолдошу, орусиялык блогер Амиран Сардаров экөө чогуу түшкөн сүрөт социалдык тармактарда резонанс жаратты. Сүрөттү Амиран Сардаров социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Интернет колдонуучулары Марьям Тилляеванын ич кийимсиз сүрөткө түшкөнүнө өзгөчө көңүл бурушкан. Сүрөткө өзбекстандыктар нааразычылыгын билдирип, терс пикирлерди калтырышкан. Кийинчерээк блогер сүрөттү өчүрүп, интернет колдонуучуларынан, Өзбекстан элинен жана Каримовдордун үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, эч кимге ыңгайсыздык жараткысы келбей тургандыгын билдирген.

"Мен жубайымдан жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм. Мен тамашалагым келген, тилекке каршы, ал ийгиликсиз болуп калды", - деп жазган сүрөттү өчүргөндөн кийин.

Ал эми Марьям Тилляева сүрөт үчүн жолдошу кечирим сурабашы керектигин айткан.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Ислам Каримовдун небереси Марьям Тилляева Амиран Сардаровго турмушка чыккан. Үйлөнүү той Лас-Вегас шаарында өткөн.

Марьям Тилляева Ислам Каримовдун кызы Лола Каримованын кичүү кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: