Жалал-Абадда вакцина алгандан кийин организминде терс таасирлер байкалган 44 жоокердин абалы
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында аскердик бөлүктүн жоокерлеринде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлер байкалганы кабарланды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 44 жоокер дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
Белгилүү болгондой, Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө 90 адам Astra Zeneca вакцинасын алышкан.
"5-августта 4 аскерде эмдөөнүн терс таасирлери байкалды. Тагыраагы, дененин табы 39 градустан жогору болуп, баштын катуу оорушу байкалган. Ал эми дагы 40 жоокерде субфебрилдик дене табы (дененин табы 37-38 градус болуп, узакка кармалат) болгон. Буга байланыштуу вакцина алган 44 аскер кызматкери кошумча байкоо жасоо үчүн медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды. Учурда жоокерлердин абалдары туруктуу, тиешелүү кароолор жасалууда", - дешти министрликтен.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















