super.kg logo
  Спорт  

Барселонанын президенти: "Месси Барселонада калгысы келген. Жалган үмүт бергим келбейт"

 

Барселона клубунун президенти Жоан Лапорта чабуулчу Лионель Месси менен жаңы келишим тууралуу сүйлөшүүлөр тууралуу айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.

"Месси клубда калгысы келген. Мен ушундай оор шарттарда айлап сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем. Бул белгилүү бир мөөнөттө аткарылышы керек болчу, анткени Мессиге башка дагы сунуштар түшкөн, бирок финансылык фэйр-плей дагы бар болчу. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү токтотуу убагы дагы келип жетти.

Жалган үмүт бергим келбейт. Оюнчунун башка сунуштары бар. Эгерде финансылык фэйр-плей өзгөрбөсө, менимче өзгөрбөйт окшойт, анда оюнчу келечегине кам көрүшү керек.

Биздин биринчи келишимибиз эки жылдык келишим болгон. Месси муну ишке ашыруу үчүн бардык жагынан жардам берүүгө даяр болчу. Биз баарын жасай алабыз деп ойлодук, бирок финансылык фэйр-плей тоскоолдук кылды",- деген Барселона клубунун президенти Жоан Лапорта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: