Фархат Мусабеков ойногон Казакстандын "Туран" футболдук клубу Лионель Мессини курамына чакырды
Коңшу Казакстандын "Туран" футболдук клубу атактуу аргентиналык футболчу Лионель Мессиге келишим сунуштады. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.
"Лионель Месси биз сени Түркстан шаарында күтөбүз", - деп жазылды клубдун расмий сайтында.
5-августта "Барселона" футболдук клубу Лионель Мессинин клубдан кетерин жарыялаган. Тараптар экономикалык эрежелерден жана чектөөлөрдөн улам жаңы келишимге кол коюшкан эмес.
Учурда интернет айдыңында Лионель Мессинин Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу менен келишим түзөрү айтылууда.
"Туран" футболдук клубунда Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Фархат Мусабеков ойнойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Мессинин атынан өздөрүнүн клубдарын реклама кылып алышат. Мына супер да жазып чыкты Туран деп.