super.kg logo
  Саясат  

"Токаев Садыр Жапаров жакшы демилге көтөргөнүн белгиледи". Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын лидерлери жолугушту

 

Өлкө лидери Садыр Жапаров Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Анда тараптар ар кыл багыттар боюнча эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров учурда кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгы активдүү жана жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ал бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки мамлекеттин ортосундагы өз ара карым-катнашты мүнөздөгөн союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда салттуу түрдө өтүп жатканына көңүл бурду.

Садыр Жапаров коңшу өлкө менен саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүнү көздөп жатканына басым жасады.

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев боордош эки өлкөнүн - Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин баса белгилеп, өз ара байланыштарды тереңдетүүнү улантуу зарылдыгына токтолду.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровдун Борбор Азия мамлекет башчыларынын бүгүнкү консультативдик жолугушуусунун алкагында жакшы демилгелерди көтөргөнүн билдирип, ал сунуштарды ар кандай эл аралык аянтчаларда колдоого даярдыгын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: