"Кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам". Айсулуу Тыныбекова Япониядан кыргыз элине кайрылды



"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча күмүш медаль уткан мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова Токио шаарынан жалпы кыргыз журтуна кайрылуу жасады.
"Ардактуу ала-тоолуктар, Япониядан сиздерге салам. Азыркы учурга чейин көптөгөн каалоо-тилектер айтылып жатат. Буга байланыштуу видео кайрылуу жасагым келди. Ар бир айтылган каалоо-тилектериңиздер орундалсын. Мен кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам. Себеби сиздердей мыкты жердештерим бар.
Мен дагы бир жолу кайталайм, спорт мындай учурларда мени күчтүү болууга үйрөттү. Менде баары жакшы. Япон эли меймандостугун жогорку деңгээлде көрсөтүп жатат. Келечекте биздин өлкөбүздө дагы Олимпиада оюндары өтсө экен деген тилек кылып жатам", - деп айткан Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине кайрылуу жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
Shbdn

Медиа-портал
06.08.2021. 17:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Айсулу сенин жүрөгүндөгү аруу тазалыкты патриоттукту баардык кыргыз жараандарында болсо экен.Аллам сага ден соолук өмүр эки дүйнө чексиз бактылуулук берсин.биз сенименен сыймыктанабыз.
nurka_85

06.08.2021. 20:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да сыймыктанам кыргыз кызы болгонума. Себеби Айсулуудай,Мээримдей кыздарыбыз бар, силер бар кыргыз кыздарынын намысы, Кадыр баркы дагы которулду алтын кыздар!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.