super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедовдун Кыргыз өлкөсүндөгү иш сапары жыйынтыкталды

 

UFC уюмунун жеңил салмактагы жеңилбес чемпиону, 38-ирет өткөрүлүп жаткан Eagle Fighting Championship турниринин негиздөөчүсү, орусиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун Кыргыз өлкөсүнө болгон эки күндүк сапары жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, 3-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында аралаш уруш боюнча Eagle FC-38 турнири болуп өткөн. Аталган турнирге орусиялык мушкер атайын конок катары чакырылган. Турнирдин алкагында жалпы 19 беттеш өтүп, анда Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн мушкерлери күч сынашкан. Ал эми мелдештин эң негизги чемпиондук кур үчүн болгон беттешинде мекендешибиз Бусурманкул Абдубаит уулу жеңүүчү болгон.

Мелдештен тышкары мушкердин урматына "Ынтымак" жана "Достук" командаларынын ортосундагы атайын көк бөрү оюну уюштурулган.

Ошондой эле UFC жылдызы 4-август күнү Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде журналисттерге маалымат жыйын берген. Андан соң өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолугушкан.

Хабиб Нурмагомедов маалымат жыйында Ысык-Көлгө алгачкы ирет келип жатканын жана ага аябай жакканын билдирген.

илердин тоолоруңар бар. Климатыңар машыгуу үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле силердин абдан мыкты мушкерлериңер бар. Силер машыгуу менен гана дүйнөлүк деңгээлге чыга аласыңар", - деген жылуу пикирин айткан белгилүү мушкер.

Белгилей кетсек, бул атактуу мушкердин Кыргыз өлкөсүнө жасаган экинчи сапары. Буга чейин 2018-жылы дагы атасы Абдулманап Нурмагомедов менен бирге Кыргыз өлкөсүнө келип кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.08.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болуптур, кетчи батырак!
06.08.2021. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Pankration_MMA кечир + басып алыпмын
Хабиб эмне кылды анчалык сага
06.08.2021. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Almaz-pazilbaiuulu, Сага эмне кылып берди? Эмне эле ага пахта койуп, подхалимчилик кыласыңар?)
07.08.2021. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almaz-pazilbaiuulu, барып "артын" аарчып бербегенин эле калды. Пахтахор куйормандар Кыргызстанда толуп кетти, Озбекистан калып эле.....
07.08.2021. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хабибти бир жолу хан кылып алдынар го жалагычтар!
08.08.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С уважением, во-первых, научись правильно писать. Во-вторых, если ты мужчина, заходи на сайт от своего имени.Дорогие киргизы, развивайте свое маленькое мировоззрение.
Almaz-pazilbaiuulu түзөттү 2021-08-08 21:43:30
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: