Орусиядагы эмгек мигранттары бармак издерин милдеттүү түрдө тапшырып башташат
Орусияда эмгек мигранттары үчүн дактилоскопия (бармак изи) милдеттүү түрдө киргизилет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мындай жаңы эреже эмгек мигранттарына, ошондой эле Орусиянын аймагында 90 күндөн ашык жүргөн чет элдик жарандарга тиешелүү.
"2021-жылдын 29-декабрынан тарта федералдык мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, Орусияга жумуш издеп келген чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле 90 күндөн ашык жүргөн башка категориядагы чет элдиктер милдеттүү түрдө бармак изин берет", - деп айтылган маалыматта.
Мындан тышкары, чет өлкөлүктөр үчүн маалыматты электрондук түрдө камтыган бирдиктүү документти киргизүү пландалып жатат, ал жарандардын идентификациясын толук камсыздайт.


