Чет өлкөгө чыгуу үчүн эмдөө алуу шарт болбошу керектиги айтылды
Коронавируска каршы эмдөө чет өлкөгө чыгуунун шарты болбошу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү Тарик Яшаревичке шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, дүйнөгө COVID-19га каршы вакциналар бирдей жетмейинче, эмдөө саякаттын шарты боло албайт. Яшаревич белгилегендей, өлкөлөргө карата "басмырлоонун башка пункту кошулбашы керек".
Ошого карабастан ДССУ вакциналардын санариптик сертификатын киргизүүнү колдойт. Уюм учурда бул багытта технологиялык чечимдердин үстүндө иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.