super.kg logo

Анталиянын эки аймагындагы токой өртү толугу менен чектөөгө алынды

 

Түркиянын Анталия провинциясындагы Манавгат жана Күндогмуш аймагындагы токой өртү толугу менен чектөөгө алынды. Бул тууралуу Түркиянын айыл чарба жана токой министри Бекир Пакдемирли билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Анталия провинциясынын Манавгат менен Күндогмуштагы өрт көзөмөлгө алынды. Өрттү өчүрүү иштери уланууда. Көп күндөн бери берилгендик менен өрттү өчүрүп жаткан баатырларды чын жүрөктөн куттуктайм", - деп Пакдемирли Твиттер баракчасына жазып калтырган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 28-июлдан бери өлкөнүн 44 провинциясында 208 токой өрттөрү башталган. Алардын ичинен 198и чектөөгө алынганын айткан. Ошондой эле ал беш провинцияда 12 өрт зонасын өчүрүү уланып жатканын билдирген.

Түркияда жаратылыш кырсыгынан 8 адам каза болуп, 864ка чукул жаран жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: