super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке келди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун ушул жылдын 5-6-августунда Түркмөнстандагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барган иш сапары жыйынтыкталды. Президент 6-августта Бишкек шаарына кайтып келгенин президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Консультативдик жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери региондогу өлкөлөрдүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүү аспектилерин талкуулашты.
Мындан тышкары эл аралык өнүктүрүүнүн маанилүү темалары боюнча конструктивдүү диалог болду.

Садыр Жапаров өз сөзүндө энергетика тармагындагы өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп, регион өлкөлөрүнүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук операциялардын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгына токтолду. Транспорт-коммуникация жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, ошондой эле лидерлерди коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бергелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу жолугушууларды жүргүздү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты, региондогу туруктуулук боюнча пикир алмашты, өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн, урмат-сыйдын жана ишенимдин жогорку деңгээлин белгилеп өтүштү.

Андан соң өлкө башчы региондогу өлкө лидерлери менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай товарлары жана улуттук тамак-аштары көрсөтүлгөн эки көргөзмөнү кыдырышты.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык форуму болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: