super.kg logo
  Саясат  

Гүласал Садырбаева: "Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айынан Ош аэропортунун VIP-залына кире албай калдык"

 
Н.Исановдун 70 жылдыгын майрамдоодон кийин бир нече депутат премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айынан Ош шаарындагы аэропорттун VIP-залына кире албай калышкан. Бул тууралуу 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Гүласал Садырбаева билдирди. “Биз иш-чара аяктагандан кийин Ош шаарынын аэропортуна келдик. Биздин унааларды кортеж келет деп киргизбей коюшту. VIP залга кирели десек, аэропорттун жетекчилиги ачкычты күзөт кызматкерлери алганын айтышты. Биз кызматкерлерге ачкычты берүүсүн суранганда алар Жантөрө Сатыбалдиев келерин айтышты. Башка залга киргенден кийин залды ит менен текшерүү жүргүзүлдү. Биз премьер-министр менен бир иш-чарадан келе жатканбыз”,- деди Садырбаева.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: