super.kg logo
  Спорт  

"Аянтта бир муштумдай болуп бириккениңиздерди башкаларга мактануу менен айтып жаттык" дейт Акжол Махмудов

 

Бүгүн, 7-августта Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу аземи учурда "Ала-Тоо" аянтында уланууда.

Салтанатка президент Садыр Жапаров келип, спортчуларыбыз жана алардын машыктыруучулары кызыл килемден өтүштү. Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов деп ураан салган элдин суранычы менен сөз сүйлөгөн балбан кыргыз элинин биримдиги башка элде болбогонун айтат.
"Күтүүсүз жерден сөз сүйлөп жатканыма толкунданып, сүрдөп жатам. Бир муштумдай биригип, спортчуларга өтө чоң дем берип жатасыздар. Биздин мелдештер 2 күмүш, бир коло менен жыйынтыкталды. Бул бизден кийинки жаштарга шык берди деп ойлойм.
Сиздердин колдооңуздарды алыстагы Токиодон сезип жаттык. Аянтта бир муштумдай болуп бириккениңиздер башка бир дагы мамлекетте болгон жок. Сыймыктануу менен башкаларга айтып "биздин беттешти ушинтип көрүп жатышат" деп мактандык. Дүйнө эли суктанды. Тилекке каршы, мен ошол күнү силердин үмүтүңөрдү актабай, жакшы эмоция тартуулай албай калдым. Мээрим Жуманазарова үчүнчү орунду алганда сүйүндүм. Анткени мен тартуулабаган эмоцияны Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова акташты.
Олимпиадага кеткенге чейин ыр саптарын угуп калып, ошол менен жашап калгам чынында.
Жер карабай желкени түздөгүлө, Биримдиктин билегин күчтөгүлө.
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып, Сырттан келген жардамды күтпөгүлө.
Турпагыңа белгиңди чийип кыргыз, Тууңду көтөр ар дайым бийик кыргыз.
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй, Түндүгүңдүн алдына бирик кыргыз!", - деп сөзүн жыйынтыктады.
Эске салсак, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(6)
07.08.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Молодец
07.08.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ийгилик каалайм Кыргызстанды дуйного таанытып журо бер
07.08.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат!!!
07.08.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат Акжол!!! Суйлогон созундун баары орундуу.
08.08.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец !!!!!
08.08.2021. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат бала!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: