"Ала-Тоо" аянтында спортчуларды тосуп алуу салтанатында тапанча алып жүргөн жаранга айып пул салынды




Бүгүн, 7-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан улуттук курама команданын 11 мүчөсү өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу салтанаты "Манас" эл аралык аэропортунан башталып, "Ала-Тоо" аянтындагы концерттик иш-чара менен жыйынтыкталды.
Коомдук тартипти камсыздоого шаардык милиция кызматкерлери тартылып, мобилдүү пункттар түзүлгөн. Коопсуздукту камсыздоо учурунда өткөрмө пункттан тыюу салынган каражатты алып өтүүгө аракет кылган жаран аныкталды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 28 жаштагы А.А. травматикалык тапанча алып жүргөнү аныкталды. Ал Ленин РИИБине жеткирилип, тиешелүү протоколдун негизинде айып пул салынды.
Мындан башка тартип бузуулар катталбаганын кошумчалашты башкармалыктан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Rusi79

07.08.2021. 19:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Опкосу жоктор кобойуп кетти качан Кыргыз куралдан коркчуу эле кайра коркуткандандын ордуна ишти ырбатасын акмак.
Kyrgyz_bloger

07.08.2021. 20:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Rusi79,жанылышасыз брат бизде жапайылар коп,кечинде журсон тоноп кетиши мумкун,мастар коп болуп сайылышы мумкун,озунду коргоо учун алып жургондун жаман жери жок,озу башкаларга сайылбаса болду го,мисалы кочодо кетип баратасын 4-5 акмак бир кызды,же аялды тонойун деп жатат,озун баарына кучун жетпейт Брюс Ли эмессин да,ошондо травматика менен сактап калсан болот.
Pankration_MMA

07.08.2021. 21:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Канча сом экен айып пулу?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.