super.kg logo

Ала-Букада вакцинациядан кийин терс таасирлер байкалган аскерлердин саны 56га жетти. Абалы тууралуу маалымат

 

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында аскердик бөлүктүн 44 жоокери коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлери байкалганы кабарланган.

Бүгүнкү күндө эмдөөдөн өткөндөн кийин организминде терс таасирлер байкалгандардын саны 56га жетти, алардын абалы канааттандырарлык. Маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"56 аскер кызматкери Ала-Бука райондук жалпы дарыгердик практика борбору тарабынан медициналык көзөмөлгө алынган. 7-августта жоокерлер медициналык жайга жөнөтүлдү. Вакцина алгандан кийин байкалган терс таасирлер организмдин коргонуу жообу катары бааланат.

Аскерлерде эмдөөдөн кийин пайда болгон терс таасирлер боюнча маалымат алуу үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп, жерине жөнөп кетишкен.

Иммундаштыруудан кийинки жагымсыз окуя жаш куракка мүнөздүү болгон эмдөө жөнүндө тынчсыздануу (коркуу, тынчсыздануу) менен байланышкан реакция катары бааланды.

Ковид-19га каршы вакцина алгандан кийин келип чыккан бардык жагымсыз окуялар олуттуу эмес. Башка вакциналар менен эмдөөдө мүнөздүү болгондой эле ийне сайган жердин оорушу, баш оору, дене таптын жогорулашы 12 сааттан 24 саат аралыгында жоголот. Ал эми терс таасирлер өзгөчө байкалган 4 жоокер маалымат базасына катталууга тийиш", - дешти министрликтен.

Бул окуя боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тынчсыздануусун билдирип, жагдайды иликтеп, терс таасирлердин келип чыгуу себептерин аныктап чыгууну тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2021. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Соо жаныңды оору кылып алгандан албай эле койгон жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: