super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Кыргыз өлкөсү Олимпиада оюндарында 70-орунга жайгашты

 

23-июлда башталган "Токио-2020" XXXII Жайкы Олимпиада оюндары 8-август күнү жыйынтыкталды. 16 күнгө созулган спорттук иш-чараларга 206 өлкөдөн 12 миң 500 спортчу катышып, 41 спорт түрүнөн жалпы 339 медаль үчүн ат салышышты.

Кыргыз өлкөсү медалдык жалпы жыйынтыкта 2 күмүш, 1 коло менен Олимпиадалык рейтингде 70-орунга жайгашты. Бул тизменин сап башында 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло медаль менен Америка Кошмо Штаттары орун алган. Андан соң Кытай 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло байге менен 2-орунга жайгашса, Япония өлкөсү 27 алтын, 14 күмүш, 17 коло медалы менен алдыңкы үчтүктү жыйынтыктады.

Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 3 алтын, 2 коло байгеси менен 32-орунга жайгашты. Андан кийин эле Кыргыз өлкөсү 70-орунда. Түркмөнстан 1 күмүшү менен 77-катарда, Казакстан 8 колосу менен 83, ал эми Тажикстан өлкөсү Олимпиададан эч бир медалсыз кайтышты.

Белгилей кетсек, "Токио-2020" Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан спорттун 6 түрүнөн жалпы 16 спортчу барган. Алардын ичинен грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов күмүш медалга жетишкен. Ал эми эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова дагы күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байгени багындырды. Бул эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн Олимпиада тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Белгилей кетсек, кийинки Олимпиада оюндары 2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
09.08.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
206 өлкөдөн 70 чи орунга чыгуу жакшы жыйынтык. Буйруса дагы алдыңкы рейтингге чыгышыңарга тилектешмин.
09.08.2021. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироолордун ийгиликке жетпегенине кубанганга болбойт бирок мен кубанып атам го ))
09.08.2021. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al-abu-kinesz,кубана бер смело,мен деле кубанып жатам.Ашыкча суйлонгондорунун оозуна пробка каккандай эле болду да)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: