Бир күн аралыгында 6 дарыгерден коронавирус илдети аныкталды
Республика боюнча бир суткада коронавирус инфекциясын 483 жаран жуктуруп алды. Анын ичинен алтоо медицина кызматкери экени аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашат.
Ооруну жуктуруп алгандардын ичинен төртөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда катталды.
Акыркы сутка аралыгында стационардан 13, үй карантининен 13 дарыгер чыгарылды.
Өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн тарта жалпы 6 миң 609 медицина кызматкери жабыркаса, анын ичинен 6 миң 129у айыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.