Жалал-Абадда 2006-жылы туулган өспүрүм сууга агып кетип изделүүдө
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2006-жылы туулган өспүрүм сууга агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, 8-август күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналына 2006-жылы туулган Д.М. аттуу өспүрүм агып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерине Сузак районунан 5 офицер, 22 куткаруучу, Жалал-Абад шаарынан 4 куткаруучу жана суучул тартылган.
Жалпы ӨКМ тарабынан 32 кызматкер тартылган.
Бүгүн, 9-август күнү саат 07:20да жеринде издөө иштери башталды. Издөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















