super.kg logo

Лондондо жарганат "Олимпиада чемпиону" болду

 

Улуу Британияда көлөмү болгону адамдын манжасындай болгон жарганат узак аралыкка учуу боюнча "Олимпиада чемпиону" болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жарганат өзүнүн саякатында Улуу Британиянын Лондон шаарынан баштап Орусиянын Псков облусуна чейинки 2018 чакырым аралыкты учуп өтүп рекорд койгон. Жарганаттын саякаты аталган облустагы анча чоң эмес Мольгино кыштагында аяктаган. Аны Светлана Тапина аттуу жаран жаракат алган абалда таап алып, канатындагы Лондон зоопаркынын мөөрүн байкап калган жана дароо тиешелүү адистерге өткөрүп берген.

Жарганат ветеринардык клиникага жеткирилген соң ага мышык кол салганы белгилүү болгон. Бирок рекорд койгон канаттуу алган жаракатынан улам жашап кете алган эмес. Ошондой эле аталган жарганат 2016-жылы Лондондо кармалганы белгилүү болгон. Аны эксперттер "Олимпиада чемпиону" деп аташты.

"Бул Европадагы жарганаттардын эң сонун жана эң узун саякаты. Ал "Олимпиада чемпиону", - деген Лондондогу жарганаттарды коргоо фондунун жетекчиси Лиза Уорлеж.

Ошондой эле эксперттер жарганаттардын мындай миграциясы климаттын өзгөргөнү менен байланыштуу экендигин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.08.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон эле маалыматтарды чыгара берет экенда! Акылы жок жаныбардын эмне кереги бар чемпион семпион деп!
09.08.2021. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кол салган мышыка тезинен издөө жарыялап,табылса өмүр бою эркинен ажыратып,үй мүлкүн мамлекетке өткөрүү керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: