super.kg logo

Ковид-19: Өлкөдө "Ден соолук" уюлдук тиркемеси ишке кирди

 

Жарандар үйдөн чыкпастан эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты "Сертификат о вакцинации против COVID-19" онлайн сервисинен ала алышат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев брифинг берип жатып айтты.

Анын айтымында, бул санариптик сервис менен жарандарга сертификат онлайн түрдө жана үч тилде (кыргыз, орус жана англис тилдеринде), сүрөтү, паспортунун маалыматы жана эмдөө жөнүндө маалымат менен жеткиликтүү болот. Ал үчүн Калкты тейлөө борборунан санариптик булут кол тамгасын алып, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына катталып, сертификатты алуу керек.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө тууралуу тез маалымат алуу үчүн "Ден соолук" уюлдук тиркемеси ишке кирди.

"Тиркемеден ар бир жаран эмдөө тууралуу маалымат алып, жашаган жерине жакын жайгашкан эмдөө пункттарын таба алышат. Ошондой эле вакцина алууга электрондук кезекке тура алышат.

Тиркемени андроид тутумундагы телефондон Google App Store аркылуу жүктөп алса болот. Ошондой эле вакцина алгандан кийин кандайдыр бир терс таасирлер байкалса, дарыгерлерге кабарлай алышат", - деди Жангазиев.

Белгилей кетсек, 6-августка карата эмдөө сертификатын 32 миңден ашык адам алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: