super.kg logo

Сауд Арабия кичи ажылыкка арыздарды кабыл алууну баштады

 

Сауд Арабия бийлиги пандемия башталгандан бери алгачкы ирет чет жактагылардан кичи ажылыкка арыздарды кабыл алып баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Эми чет элдик зыяратчылар Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитине жана Мадина шаарындагы Мухаммед пайгамбардын мечитине зыярат кыла алышат. Бирок зыяратчылардын Сауд Арабияда бекитилген Moderna, Johnson & Johnson, AstraZeneca жана Pfizer/BioNTech вакциналары менен эмдөө алган болушу талап кылынат.

Араб бийлиги ошондой эле чет жактан келген жана жергиликтүү зыяратчылардын саны 1 айда эле 2 миллионго жетиши мүмкүн экендигин божомолдошууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Сауд Арабиясынан ажылыкка жана умрага барууга тыю салуу боюнча расмий билдирүү келгенин Кыргыз өлкөсүнүн дин башкармалыгы билдирген.

"Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдиктерге, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнө дагы ажылыкка жана умрага барууга тыюу салынды. Анда алар сырттан келгендерге уруксат берилбегенин билдиришкен. Алар болгону Сауд Арабиясынын жарандарын анда дагы 60 миң кишиге гана уруксат берилгенин билдиришти", - деп айтылган билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: