super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Өлкөдөгү тынчтыкты сактап калууга милдеттүүбүз”

 

Парламенттин 31-октябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды жаман нерселерди гана айта бербей, жакшы иштерди да белгилеп, айтып турууга чакырды. Төраганын пикиринде, ынтымак, биримдик болмоюнча өлкө экономикасын алдыга жылдыруу кыйын. “Өлкөдөгү тынчтыкты доо кетирбей сактап калууга, мыйзамдын бийлигин орнотууга тийишпиз”,- деди төрага.  

Эскерте кетсек, ЖКнын 30-октябрындагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков менен Асылбек Жээнбековдун ортосунда кайым айтышуу болду. Төрага А.Жээнбеков кесиптешин эмоцияга алдырбоого чакырып: "Өткөндө Караколдо митинг болгондо мага келип “тополоң болуп жатыптыр, облустук администрацияны басып алышыптыр” дедиңиз эле. Кудай жалгап, андай эмес экен го”,- деди.  

Ал эми депутат Равшан Жээнбеков Саруу айылынан келген тургундар жыйынга катышып жатканын айтып, “Кумтөр” боюнча талкуу кылууга жол бербеген төрага эртең бир жерде кан төгүү болсо өзү жооп берет”,- деди.  

Жыйында Жети-Өгүздөн келгендердин бири сөз сүйлөп, талаптарын айтты. Бирок маселе боюнча талкуу кылуу сунушу орундалган жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: