Таласта сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдө
Талас облусунда сел алып кеткен көпүрө оңдолуп жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 21-июль күнү катуу жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп, Талас облусунун Кара-Буура-Чаткал автоунаа жолун жана Чолпонбай айыл аймагына караштуу “Шилбили” өзөнүнөн түшкөн сел суулары Чаткалга кетчү көпүрөнү бузуп, жараксыз абалга алып келген.
"Учурда Кара-Буура өзөнүндөгү автоунаа жүрүүчү көпүрөнү оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштерине райондук жол тейлөө ишканасынын 11 кызматкери жана 5 атайын инженердик техника, 1 мотопомпа тартылган. Андан тышкары 1 ширетүүчү аппарат, 1 компрессор оңдоп-түзөө иштерине колдонулууда", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















