super.kg logo
  Спорт  

"Келе жаткан Олимпиадада ишеничиңиздерди актайм". Айпери Медет кызы кыргыз элине кайрылуу жасады

 

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча өлкө намысын коргоп, жарым финалга чейин жеткен балбан кызыбыз Айпери Медет кызы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасады. Анда балбан кыз Олимпиададан байгелүү орунга жетише албай калганы үчүн кечирим сураган.

"Урматтуу кыргыз элим, тилекке каршы, Токио шаарында болуп өткөн жайкы Олимпиада оюндарында сиздерге жакшы маанай тартуулай албай калдым. Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Мага болгон колдооңуздар дем-күч берүүдө. Буюрса, келе жаткан 2024-жылдагы Олимпиада оюндарында сиздердин ишеничиңиздерди толук актайм деген үмүттөмүн", - деп жазып калтырган спортчу кыз.

Белгилей кетсек, "Токио-2020" Олимпиадасында Айпери Медет кызы алгачкы беттешинде коңшу казакстандык Элмира Сыздыкова менен килемге чыгып, атаандашын 6:1 эсебинде жеңип алган.

Андан соң чейрек финалда күчтүү делинген орусиялык Наталья Воробьева менен кез келип, 12:0 эсебинде жеңишти камсыздап, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Америка Кошмо Штаттарынын өкүлү Аделин Грейге каршы туруп, тилекке каршы 3:2 эсеп айырмачылыгы менен жеңилүү ызасын тартып калган.

Ал эми коло байге үчүн болгон беттеште түркиялык Ясемин Адар аттуу спортчу кыз менен кез келип, тилекке каршы, таза жеңиш менен атаандашына утулуп калган.

Муну менен мекендешибиз Токио Олимпиадасында 5-орунду камсыз кылган.

Эске салсак, Айпери Медет кызы 2017-жылы Финляндияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалдын жеңүүчүсү. 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль, 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда коло медалдын ээси. Мындан тышкары бир канча эл аралык мелдештерде байгелүү орундардын жеңүүчүсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
09.08.2021. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийгилик, Аллах өзү колдосун, алтын медаль буюрсун!
09.08.2021. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындыгында Токиодо откон олимпиадада минимум кумуш медаль уткансын калыстар акмактык кылып америкага тартып койбодубу а так красавица буюрса Парижде алтын утасын!!!
09.08.2021. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калыстардын калыссыздыгы болбогондо утмаксын,кечирим сураба,сен биз учун уже женуучусун,уже уттун,акмактардын кылганын баардыгы корду!
09.08.2021. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз учун алтын уткандай эле болдун Айпери.Эч кейибе.Парижде ийгилик коштосун сени.!!!
10.08.2021. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инша Аллах
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: