"Кара кийинген колунда баштыгы бар аялдан шек санашып". "Айчүрөк" соода борборундагы окуя

Бишкектин Свердлов РИИБи "Айчүрөк" соода борборундагы окуянын чоо-жайын айтты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Саат 16:10 чамасында "Айчүрөк" соода борборунда кара кийинген колунда баштыгы бар аялдан шек санаган жарандар милицияга кайрылган. Жерине ыкчам кызматкерлер чыгып кетишкен. Элдин коопсуздугу үчүн ичиндеги жарандар сыртка чыгарылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 9-августта "Айчүрөк" соода борборундагы адамдарды эвакуация кылышкан. Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Бир хиджап кийген эже болсо керек.