super.kg logo

Казакстан спортчуларынын олимпиадалык формалары сатыкка чыкты

 

"Токио-2020" Жайкы Олимпиада оюндарында Казакстан өлкөсүнүн спортчулары кийген спорттук формалар сатыкка чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты. Буга чейин аталган формалар Олимпиададагы эң саркеч спорттук кийимдердин катарына кирген. Бирок алардын сатыктагы баасы көпчүлүк сатып алууну каалаган адамдарды таң калтырууда.

Маалыматка ылайык, пиджак 150 миң теңге (29 миң кыргыз сому), капюшон 110 миң теңге (22 миң сом), шым 60 миң теңге (12 миң сом) жана футболка 35 миң теңгеге (7 миң сом) сатылууда. Аталган спорттук форманы толугу менен сатып алыш үчүн кардар бардыгы болуп 355 миң теңге же 70 миң сом төлөшү керек болот. Учурда мындай баа социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Ал эми дизайнер Салтанат Байдумухамедова азыркы тапта даяр форма калбай калганын билдирди. Анын айтымында, спорттук кийимдер дем алыш күндөрү толугу менен сатылып кеткен. Эми мындай кийимдер атайын буйрутмалардын негизинде гана тигилерин кошумчалады дизайнер.

Белгилей кетсек, "Токио-2020" Олимпиадасынын ачылыш аземинен соң "Forbes" журналы эң саркеч деп 8 өлкөнүн формасын атаган. Ал топко АКШ, Орусия, Либерия, Чехия, Казакстан, Кытай, Түштүк Африка жана Япония өлкөсүнүн спорттук формалары кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.08.2021. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин чапандар качан сатыкка чыгат болду экен?
10.08.2021. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң саркеч кийим болуп 70 000 болсо.Биздикилердики 90 миңден беле
10.08.2021. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
95мин срм
10.08.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин дизайнерди камаш керек учурдан пайдаланып бааны ашыкча койгон жана анысы да талапка туура келбейт...Андай чапандар базарда 1500-2000сомдон жыйылып турат сатылбай тойлордо тегеренип
10.08.2021. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын формалары баары биригип деле 95 миң сомго жетпейтко))!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: