"Терезенин кырына чыгып, жанын кыюуга аракет кылган". Ошто 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган кыз куткарылды
Ош шаарында милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-августка караган түнү саат 04:10 чамасында "102" кызматына көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан бир кыз секирүүгө аракет кылып жатат деген билдирүү келип түшкөн.
"Кызматкерлер барган учурда кыз терезенин кырына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан. Алар 5-кабатка чыгып, кыздын жашаган үйүнүн эшигин бузуп кирип куткарып калышкан. Окуяны териштирүү үчүн кызды Ош ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Азырынча ал кыздын эмне себептен мындай жолго баргандыгы белгисиз", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Ошто 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган кыз куткарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:59
2025-08-13

10:24
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rafo80

10.08.2021. 12:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.