super.kg logo
  Спорт  

Гүлжигит Алыкулов Орусиянын "Рубин" клубуна өтүшү ыктымал

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов карьерасын орусиялык "Рубин" клубунда улантышы мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Рубин" клубу учурда "Динамого" которулган оюнчусу Денис Макаровдун ордуна жаңы чабуулчу издөөдө. Анын үстүнө Орусия Премьер-Лигасынын учурдагы эрежелерине ылайык, "Рубин" клубу тек гана Евразиялык экономикалык биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн паспортун колдонгон гана футболчуларды ала алышат. Ал эми кыргыз футболчусу талаптарга ылайык келери кабарланды.

Азыркы тапта "Рубин" клубу көздөп жаткан 4-5 футболчунун ичинде Гүлжигит Алыкулов негизги талапкер экендиги маалымдалды.

Белгилей кетсек, кыргыз футболчусу учурда Казакстандын "Кайрат" клубунда оюн алып барууда. Ал аталган клуб менен өткөн жылдын башында 2023-жылга чейин келишим түзгөн. Акыркы сезондо мекендешибиз "Кайраттын" формасы менен 17 оюнга чыгып, 3 гол жаратып, 3 голдук пасты ишке ашырууга жетишкен. Ошондой эле Казакстан Кубогунда 5 оюн, Чемпиондор Лигасына тандап алуу оюндарында 4 оюн, Европа Лигасына тандап алуу беттештеринде 1 оюн өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.08.2021. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Воо,как раз карьераны ушудан ары Европага улап кетсе болот
10.08.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болмок. Ал жакта дагы жакшыоюн откорсо. Италияга сапар алмак. Шомурадовко окшоп
10.08.2021. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеткени жакшы, болбосо ЛЧ оюндарында заменде отургузуп койду муну!
10.08.2021. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң сонун көп ойлонбостон кетиш керек Рубинге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: