Кыргыз калкы бактылуулуктун деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 67-орунга жайгашты
Кыргыз өлкөсү калкынын бактылуулук деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 67-орунга жайгашты. Дүйнөдөгү адамдардын бактылуулук деңгээлин анализдеген "World Happiness Report" эл аралык изилдөө долбоорунун быйылкы рейтингине ылайык Финляндия, Дания, Швейцария, Исландия жана Нидерланды өлкөлөрүнүн элдери эң бактылуу деп табылып, тизменин алдыңкы бештигинен орун алган.
Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 42, Казакстан 45, Тажикстан 78 жана Түркмөнстан 97-катардан орун алган. Бизге белгилүү башка өлкөлөрдөн Орусия 76, Түркия 104, ал эми коңшу Кытай өлкөсү 84-орунга илинген.
Ошондой эле рейтингдин эң акыркы сабында көп жылдан бери куралдуу кагылыштардан улам жабыркап келе жаткан Ооганстан мамлекети жайгашкан. Аны менен катар Лесото, Ботсвана, Руанда жана Зимбабве сыяктуу Африканын жакыр өлкөлөрү эң акыркы бештикти толукташкан.
Кыргыз өлкөсү аталган рейтингде былтыр 74-орунга жайгашкан. Ал эми 2019-жылы 86-катардан орун алган.
Белгилей кетсек, аталган рейтинг Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында Колумбия университетинин "Жер институту" изилдөө борбору тарабынан ишке ашырылып келет. Рейтинг алгач ирет 2012-жылы жарыяланган. Ошондон бери ар жылы дүйнө элдеринин бактылуу жашоону камсыз кылуудагы жетишкендиктерин көрсөтүп келет.
Рейтингди түзүүдө ар бир өлкөнүн киши башына туура келген ички дүң продукциясынын көлөмү (ИДП), орточо жашоо узактыгы, жарандык эркиндиктин болушу, жарандардын коопсуздугу жана келечекке болгон ишеними, үй-бүлөнүн туруктуулугу, жумушка болгон кепилдик, коррупциянын өлчөмү жана берешендик, мээримдүүлүк сыяктуу бир канча критерийлер каралат. Мындан тышкары ар бир өлкөнүн эли өздөрүн канчалык бактылуу сезери тууралуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы да эске алынат. Бул сурамжылоону эл аралык "Геллап" изилдөө борбору жүргүзүп келет. Анда ар башка өлкөнүн элдери бактылуулуктун өлчөмүн атайын шкалада көрсөтүлгөн сандар аркылуу белгилешет.
Долбоордун авторлору өлкө башчыларына, саясатчыларга, коомдук ишмерлерге жыргалчылыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда өздөрүнүн жарандарынын муктаждыктарына көбүрөөк көңүл буруусуна түрткү болорун айтышат.

Адам качан бактылуу? Курсагы ток, кийими бутун, олкосундо тынчтык, адилеттуулук орноп турса, эртенки кунуно ишеним болсо, мына ошондо бактылуу...
Бизде мына жумуш жок, кымбатчылык, эл тентип журот. Карыганда бокчондоп небере баккан кемпир чалдар, тышта жургон уулу же кызы менен акыркы жолу коштошо албай каза болуп жаткан кары картандар, эне сутуно тое албай, ата-эне мээримине зар,
Олкодо тынчтык дегенибиз менен чек арада уруш-тополонсуз откон ай дээрлик жок. Бут талаштуу жерлерибиз коншу олколорго откон. Озбектстан нагло эле Кыргызстандын жерине 1-5 км кирип келип зым тартып алган. Унчуга албайбыз. Армия чабал. Анткени бийлик чабал.
Жапаровун Кыргызстанды тугнуюкка алып бара жатат. Чындык бул!