super.kg logo

"Күйөөсү менен урушуп кеткен". "Айчүрөк" соода борборунда жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат берген аял кармалды

 

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат берген аял кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтан билдиришкендей, укук коргоо органдары аталган соода борборго жардыруучу каражат коюлгандыгын жана барымтага алынгандар бар экенин кабарлаган адамды аныктоо боюнча иш алып барган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 246-беренеси "терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү" боюнча каттоого алынган.

"Иштин алкагында Сокулук районунда туулган 1994-жылкы Г.З.А. аттуу аял кармалды. Ал ГУМдан "Нур Телеком" компаниясынан сим-карта сатып алып "Айчүрөк" соода борборуна бомба коюлганы жана адамдар барымтага алынганы боюнча жалган маалымат берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, аялдын мындай ишке баруусуна аталган соода борбордо иштеген күйөөсү менен урушуп кеткени себеп болгон", - дешти УКМКдан.

Учурда аялдын мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК мындай жалган маалыматтар үчүн кылмыш иши каралганын эскерткен.

Кечээ, 9-августта борбор калаада жайгашкан аталган соода борбордо эл эвакуацияланып, айланасы курчоого алынган. Көп өтпөй аталган соода борбордун кызматкери, бомба жана барымтада адамдар бар деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
10.08.2021. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми куйоон менен урушуп кетсен эле бутундой элди дурболонго салышын керекби... Макул эми Аллах ынсап берип, чыныгы чиджапты кийип калчы.
10.08.2021. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушуга окшогондор өттү. Фанаттар.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-10 18:44:16
10.08.2021. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аял кишинин жинине тийбес керек. Кааласа тоону томкоруп салат. Ошол себептен эже карындаштарыбызды сыйлап, эркелетип, коргоого алып эле жашайлы туугандар.
Бул эжебиздин күйөөсүн дагы тарбиялаш керек эми
10.08.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Паранжынын ичинде эч ким корбойт деп мурдуна сойко салып алыптыр,ким билет дагы канча жерин тешип темир топчуларды тагып алганын.
10.08.2021. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Крыша кетип калган окшойт да.
10.08.2021. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял затынын жинине көп тийбегиле, өздөрү жарылбасын)!
10.08.2021. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип кап кара кийимге оронуп алуунун кереги жок. Хиджаб бул жон гана кийимдин туру эмес. Хиджаб бул маданий жана саясий символ. Арабтарга таандык болгон.
10.08.2021. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балким куйоосунун ошондой планы бардыр, ачуусу менен айтып салды, жакшылап куйоосун да суракка алышсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: