super.kg logo

Ооганстандагы куралдуу кагылыштар 3 күндө 27 жаш баланын өмүрүн алды

 

Ооганстандагы өкмөттүк күчтөр менен талибдердин ортосундагы куралдуу кагылыштардан улам, 3 күндүн ичинде 27 жаш бала каза таап, 136сы жаракат алды. Бириккен Улуттар Уюму согушуп жаткан эки тарапты Ооганстандагы зордук-зомбулуктун кескин көбөйүп кетишине өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кагылыштардан улам Кандагар провинциясында 20 бала, Хост провинциясында 2 бала, ал эми Пактия аймагында 5 бала каза тапкан.

"Ооганстанда мыкаачылык күн санап өсүүдө. Бул кагылыштардын курмандыктары согушуп жаткан тараптар тарабынан этибарга алынбаган жаш балдар болууда", - деп билдирген ЮНИСЕФтин Ооганстандагы өкүлү Эрве Людвик де Лис.

Мындан тышкары салгылаштар токтобой жаткан Герат, Кандагар жана Гильменд аймактарында акыркы 1 айдын ичинде эле миңден ашык жаран каза таап, дагы ошончо сандагысы жаракат алганы кабарланган.

Ошондой эле 10 күндө, тактап айтканда август айынын башынан бери Ооганстандагы 15 медициналык мекемеге 4042 ок тийип, жаракат алган адам кайрылган. Ал эми июлда жалпы өлкө боюнча 13 миңдей адамга жардам көрсөтүлгөн.

Эске салсак, АКШ аскерлерин Ооганстандын аймагынан расмий түрдө чыгарып кеткенден баштап радикалдуу "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирешүү токтобой келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
10.08.2021. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайм сактасынчы согуштан. Балдарга эле убал
10.08.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Юнисеф, буу, акш, европа биримдиги, комитет-300, талибан, алкаида, игил, ваххабизм булардын баарынын тамырлары бир.
11.08.2021. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды АКШ эле кырылЫштырып койду калп эле Афганистанга жардам беримиш болуп талибдерди кучтондуруп коюп чыгып кетишти
11.08.2021. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patriot.kg94, деп ойлоп атам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: