super.kg logo

Австриядагы кафелердин бири коронавируска каршы "эмдөөдөн өткөн" жарандарды тейлөөдөн баш тартты

 
Кулачын кеңири жайган коронавируска каршы эмдөө дүйнөнүн бардык бурчунда жүрүп жаткан учуру. Айрым өлкөлөрдө эмдөөдөн өтпөгөн жарандардын коомдук жайларда жүрүүсүн чектеген мыйзамдар, талаптар кабыл алынган учурлар болуп жатат. Ал эми Австриянын Зальцбург федералдык аймагындагы кафелердин бири коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандарды тейлөөдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.
Андагы маалыматка караганда, бул кафеде коронавируска каршы эмделбеген жарандар гана тамактана алышат. Бул кабар коомчулукка белгилүү боло баштаганда, аталган аймактын башчысы Йозеф Вайкингер кафе ээлеринин мындай чечими мыйзамга каршы келбей тургандыгын, бирок жарандар бул кооптуу жайга баруудан баш тартуусу керектигин билдирген.
"Буга эмне дейбиз эми, күлгөндөн башка арга жок. Вирус жуктуруп алуу коркунучун алдын алуу үчүн жарандардан бул кафеге барбоону өтүнөм", - деген Вайкингер.
Ал эми кафенин кызматкерлери жергиликтүү басылмаларга бул тууралуу интервью берүүдөн баш тартышкан.
Буга чейин АКШнын Миссури штатындагы такси кызматын көрсөткөн компаниялардын биринин ээси бет кап тагынган жана эмдөөдөн өткөн кардарларды тейлөөдөн баш тарткандыгы маалым болгон. Мунун себебин ал вакцинанын эффективдүүлүгүнөн күмөн санагандыгы менен түшүндүргөндүгү айтылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
11.08.2021. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң туура, эмдөөдөн өткөндөрдүн көпчүлүгү наоборот ооруп жатышат!
11.08.2021. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вакцинаны кыйнап сайбаш керек,ким кааласа ала берсин мен алууга макул эмесмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: