super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарына жылуулук берилди

 
Оштун мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов "Жылуулук" ишканасынын абалы менен таанышып чыгууда
Мелис Мырзакматов "Жылуулук" ишканасынын абалы менен таанышууда
Мелис Мырзакматов "Жылуулук" ишканасынын кызматкерлери менен жолугушууда
Оштун мэринин милдетин аткаруучу М. Мырзакматов аталган ишканадагы электр жабдыктары менен жакындан таанышууда
"Жылуулук" ишканасы

Бүгүн, 31-октябрда Оштун мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаарга жылуулук берүү тууралуу токтомго кол койду. Кол коюудан кийин Мелис Мырзакматов шаардагы “Жылуулук электр борбору” ишканасында болуп, жылуулук берүү системинин ачылышына катышты. “Метеорологдордун айтуусунда, быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыш суук болот. Эгер жылуулук берүү боюнча шаардыктардын үйүндө маселе жаралса, тиешелүү жетекчилер жоопкерчилик алат, үйлөр жылуу болушу керек”,- деди өз сөзүндө шаар башчы. Мындан сырткары “Жылуулук” ишканасынын жетекчиси Кубаныч Алишеровдун айтымында, акыркы 3 жылда шаарда жылуулук системине 3000ге жакын абонент туташтырылган. Үч күн аралыгында шаар жылуулук менен камсыз болуп бүтөт. Учурда бала бакчалар, ооруканалар жана мектептер жылуулук менен камсыздандырылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: