super.kg logo

"Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны кыскарсын". Владимир Жириновский Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин алдына митингге чыкты

 

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин астында нааразычылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу Жириновский өзүнүн телеграм каналына жазып калтырды.

"Бүгүн биз Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин жанында бул өлкөдө орустарды басмырлоо окуяларына байланыштуу нааразычылык акциясын өткөрүп жатабыз. Кечээ эле Бишкекте бир кыргыз орус тилдүү кассир аялга кол салды. Андан бир жума мурун кыргыздар орус жигитти шылдыңдашкан. Орустар Кыргыз өлкөсүндө конок эмес. Кылымдар бою орустар көбүнчө өздөрүнө зыян келтирип, Борбор Азиянын өнүгүшү үчүн иш алып барып келишкен. Бүгүнкү күндө да жүз миңдеген кыргыз үй-бүлөлөрү Орусияда иштеп, тапкан кирешеси менен жашап жатышат", - деп жазды Жириновский.

Мындан тышкары ал Орусиядагы кыргыз мигранттарынын санын кыскартып, экономикалык байланышты солгундатууну талап кылган.

Эске салсак, Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Октябрь райондук милициясынан билдиргендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко социалдык тармактагы баракчасы аркылуу оюн билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
10.08.2021. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жирик, тупой еврей!!! Орустар Орто Азияны басып алышкан! Орто Азия эле эмес, Кавказ, Сибирь, Ыраакы Чыгыш, баарын куралдын кучу менен басып алышкан элдин канын тогуп! Энесай кыргыздары оз Мекени учун 100 жыл согушкан. Согуштан алсыраганда кыргыздарга орус менен жунгарлар (калмак) эки тараптан кол салып басып алышкан акыр тубу. Мына, бугунку кундо Алтай, Энесайды орустар озунун жери деп билет. Кыргызстандагы орустар конок эмес, баскынчы орустардын урпагы чын-чынында!!!
10.08.2021. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жирик, сен Кыргызстанга келип митинг кыл, Москванда туруп албай! Сени ал жерде озуно окшогон бир ууч манкурт орустарын колдойт болгону. Аларын Кыргызстан жараны эмес, так что сенин да, алардын да кыйкырганы иттин котуно... Орустарга жан тарткыч болсон кочуруп кет Кыргызстандагы бут орустарынды. Сенин айындан Кыргызстандагы канчалаган орустар кордук короорун, мазактоолорго туш болоорун ойлонгон да жоксун. Сени алардын тагдыры ойлонлурбайт, сага шоу керек кыйкырып чыкканга. Шылтоо керек.
10.08.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биздин бийлик неге унчукпайт.озуно жараша кылып жооп бериш керек болчу.скинхедтердин колунан олгондорго жооп беришсин.канчалагандар бейкуноо токмок жеп журушот.камалып кеткендери канча.баардыгын факты менен алдыларына тизип койуш керек болчу.эгер Бакиев болгондо оздоруно жараша жооп берип ооздорун жабат болчу
10.08.2021. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Орустар Кыргызстанда конок эмес, дейтко. Ничего себе орустар, силер өзүңөрдү дагы эле колонизатор, фащист деп эсептейсиңерби? Силердин эпохуңар бүткөн, эми Кр да конок и келгинсиңер!!!
10.08.2021. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арыстан Алайга окшогон бир жинди да бул эл унутуп калганда бар экенин эстетип турат. Жакында эле бироосу журду эле мигранттар жок, ошого айлык акыны которуп жатышат иш беруучулор деп
10.08.2021. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуга окшогон сөздөрдү уксам,Орусияга бүт баскым келбейт,.... өз өлкөбүздө туруктуу өнүгүү болсо бир аз жумушчу күчү пайда болгон күн да аз калды Кудай буюрса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: