super.kg logo
  Спорт  

Футбол: "Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин жок". Кыргыз курамасынын алдыдагы жолдоштук беттешке карата курамы жарыяланды (тизме)

 

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астындагы футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы сентябрь айында боло турган үйдөгү жолдоштук беттештерге чакырыла турган оюнчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, тизмеге 30 оюнчу кирген. Акыркы тизме 23-августка пландаштырылган машыгуу башталганга чейин жарыяланат.

Улуттук курамага чакырылган оюнчулардын тизмеси: Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков ("Дордой"), Эржан Токотаев ("Алга"), Руслан Амиров ("Абдыш-Ата"), Артем Прядкин ("Шахтёр", Казакстан);

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев ("Туран", Казакстан), Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, Айзар Акматов, Александр Мищенко (бардыгы "Дордой"), Алмаз Маликов, Акрамжон Умаров (экөө тең "Алай"), Кайрат Изаков, Християн Браузман (экөө тең "Абдыш-Ата");

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Шейх Рассел", Бангладеш), Алимардон Шүкүров ("Неман", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Туран", Казакстан), Турсунали Рустамов, Давлятжан Баратов, Кайрат Жыргалбек уулу, Абай Боколеев (бардыгы "Дордой"), Одилжон Абдурахманов ("Бунёдкор", Өзбекстан), Гүлжигит Алыкулов ("Кайрат", Казакстан), Атай Жумашев, Максат Алыгулов (экөө тең "Абдыш-Ата"), Адилет Каныбеков, Эмир Шигайбаев (экөө тең "Нефтчи"), Азим Азаров ("Алга").

Чабуулчулар: Рыскелди Артыкбаев ("Дордой"), Эрнист Батырканов ("Ван", Армения), Эльдар Молдожунусов ("Алай").

"Ак шумкарлар" 2-сентябрь күнү Палестина курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.08.2021. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүт эле Дордойго, Салымбековко подхотпу?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: