"30-номер". Лионель Месси "Парк дэ Пренс" стадионуна "ПСЖ" клубунун формасын кийип чыкты (видео)
Атактуу футболчу Лионель Месси Париждеги "Парк дэ Прэнс" стадионуна "ПСЖ" футболдук клубунун формасын кийип талаага чыкты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо Мессинин 30-номердеги "ПСЖ" клубунун формасын кийип алганын көрүүгө болот. Дал ушул номерде футболчу "Барселона" клубунда дебют жасаган.
Буга чейин Лионель Месси 30-июнда келишими аяктаган "Барселона" клубунун кайра жаңы сунуштаган келишимине макул болгондугу, бирок бул келишим тууралуу расмий жарыялана электиги тууралуу маалымат чыккан. 6-августта клуб футболчу клубдан кетерин расмий жарыялаган.
34 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын, тагыраагы 17 жылын каталониялык клубда өткөргөн. "Барселона" менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.
Лионель Месси "Парк дэ Пренс" стадионуна чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.