"Сени гана", "Күндөр жаңырат", "Сүрдөтпөчү"... Ырларынын дээрлик баары хит болгон Мирбек Атабековдун эски сүрөттөрүнө саякат
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков бүгүн, 11-августта 36 жашка толду. Ырчынын туулган күнүн утурлай архивдеги сүрөттөрүн барактап, сиздер менен бөлүшүүнү чечтик.


9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган.


Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдыңкы орундарга чыга баштаган.







2006-жылы продюсер Канат Култаев менен иштешип, экинчи хит ыры "Сени гана" менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2007-жылы "Не моя" аттуу ыры өлкөнүн бардык радиолорунда жаңырып, көптөгөн кыргыз жаштарын өз өлкөсүнүн эстрадасына кызыктыра алган. Ошол эле жылы Мирбектин биринчи жеке концерти 3 күнгө созулган.








2016-жылы 11-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата маданияттын өнүгүшүнө салымын кошкон белгилүү инсандарга мамлекеттик сыйлыктар берилип, Мирбек Атабеков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.

11-августтун жылнаамасы.
кошулду
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















