Чүйдө толугу менен күйүп кеткен турак үйдөн 43 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Чүй облусунда Степной айылындагы турак үй толугу менен күйүп, 43 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Степной айылынын борбордук көчөсүндө жалпы аянты 35 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн.
"Күйгөн үйдүн ичинен 1978-жылы туулган Л.В. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды. Өрттүн себеби такталууда", - дешти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.