super.kg logo

Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаа жөө адамды сүзүп, ал ооруканада каза болду

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда оор жүк ташуучу унаа жөө адамды сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, РИИБге аймактык ооруканадан Ч.Э. аттуу адамды белгисиз унаа сүзүп кетип, алган жаракаттарынан көп узабай каза болгондугу кабарланган.

Окуя болгон жерге барышкан райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу оор жүк ташуучу унаанын 51 жаштагы айдоочусу Үч-Кайнар айылында жаранды сүзүп качып кеткендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында оор жүк ташуучу унаанын айдоочусунун аты-жөнү аныкталган. Ал Каракол шаарынын 28 жаштагы С.К. аттуу жараны болуп чыккан.

Жүргүзүлгөн алгачкы суракта жол кырсыгы боюнча күнөөсүн моюнуна алган. Учурда тергөө амалдары улантылып, унаа айып короо жайына токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: