super.kg logo

Пакистанда диний мектепте заара ушатып койгон 8 жашар баланы Кудайга шек келтирди деп айыпташып, өлүм жазасына тартууну талап кылышууда

 

Пакистанда 8 жашар бала Кудайга ишенбөөчүлүк көрсөттү деп айыпталып, аны өлүм жазасына тартуу сунушталууда. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, индуизм дининдеги үй-бүлөнүн баласы диний мектептин китепканасында килемге заара ушатып койгон. Ошол күндөн тартып 1 жума бою ал камакта кармалган, баланын ата-энеси да камакка алынгандыгы жазылат маалымат булактарда.

Кийин сот аны эч жакка чыкпоо тил каты менен коё берген. Бирок мындан кийин топ адамдар индуизм дининдегилердин сыйынуучу жерлерине бастырып кирип барышып, башаламандыктарды жаратышууда. Бийлик мындай диний башаламандыктарды токтотуу максатында анын башында жүргөн 20 адамды кармап камакка алды.

Провинцияда баш аламандык уланып жаткандыктан бала жана анын үй-бүлөсү учурда өкмөттүн коргоосунда. Туугандарынын айтымына караганда, бала Кудайга шек келтирүү деген эмне экенин билбейт жана эмне үчүн бир жума түрмөдө кармалганын, эмне айып тагылганын дагы эле түшүнбөй жатат.

Пакистанда 1986-жылы Кудайга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, каршы аракеттерди жасаганы үчүн өлүм жазасы киргизилген, бирок андан бери бир да адам өлүм жазасына тартылган эмес. Бала Кудайга шек келтирген деп айыпталган эң жаш пакистандык болуп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
11.08.2021. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тооба,ушунчалыкта карангылык,жапайычылык болобу?
11.08.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
жинди немелерго ...наборот ошо баланын ден соолугуна кам корушпойбу?
11.08.2021. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тобаа чындап бул балакат жашка да жете элек экенго.бизде Арыстан алайды жиликтешибиз керек экенда
11.08.2021. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жеткен карангылык
11.08.2021. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына диний фанатизм кайда алып бараары.....

Ошол себептен палан тигиндей айтты, бул мындай айтты деп ар кимдин айтканына ишенип попугай болуп кайталабастан, илим алгыла, мейли светтик, мейли диний билим. Болбосо карангы бойдон калып, бирок баары жокту билгендей тур корсотуп, ушундай жапайычылыкты колдоп чыгасынар журуп отуруп...... Диний фанатизм - бул оору, карангылык, жапайычылык.......
Antiradikal5 түзөттү 2021-08-11 12:18:24
11.08.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal5,100% кошулам.
11.08.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын мындай түркөйлүктөн, 8 жашар бала, мындай карасаң 1-класстын окуучусу, динге шек келтирген имиш, кудай эч бир адамды өлтүрүүгө буюрбайт, ислам дининде адам өлтүрүү өтө чоң күнөө!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: